Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 09-апрели № 5
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасын бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасы боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
А. Бодонбеков
|