Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 30-марты № XVI/VIII
К.Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебинин ремонттоо жумуштарынын сметалык документтерин бекитүү жөнүндө
Сары-ой айыл аймагындагы К.Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебинин үстүнкү шиферлерин жаңыртуу боюнча маселени талкуулап Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин YI чакырылышынын ХYI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебинин ремонттоо жумуштарынын сметалык документтери бекитилсин.
2. К.Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебинин ремонттоо жумуштарына
1млн863миң сом акча каражатынын 10%186миң333сом,мунун ичинен 5%93миң 161сом жумуш күчү менен,5% 93миң 161сом нак акча каражаты демөөрчүлөрдүн эсебинен каржылансын.
3. К.Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебинин ремонттоо жумуштарынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине түрткү берүүчү грантка тапшырып коргоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповго тапшырылсын.
Сары-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нааматбеков |