Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 23-июну № II
Жазгы талаачылык жумуштарын уюштурууда Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн аткарган иш аракеттери жөнүндө
1.Сары-Ой айыл аймагында жазгы талаачылык жумуштарын уюштуруунун жүрүшү тууралуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Нааматбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2.Жазгы талаачылык жумуштарына карата сапаттуу үрөн даярдоодо,айыл чарба техникаларынын ремонтун жүргүзүүдө айрым дыйкан,фермерлер тарабынан жетишээрлик деңгээлде иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
3.Апрель,май айларында дыйкан фермерлерди сугат суусу менен камсыздоодо олуттуу кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кара-тагай спасынын жетекчиси (Т.Жумалиевге) эскертүү берилсин.
4.Дыйкан фермерлерге керектөөсүнө жараша нормага ылайык сугат суусу менен камсыздоо Кара-тагай спасынын башчысы (Т.Жумалиевге) жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин эконмикалык пландоо, курулуш,байланыш,айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (А.Осмонкулов) айыл өкмөтүнүн жер адиси (Р.Нааматбековга) тапшырылсын.
Сары-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нааматбеков |