Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI -сессиясы
2015-жылдын 23-июну № III
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу КРнын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомун аткаруу боюнчаСары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иш аракеттери жөнүндө
1.«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу КРнын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун аткарылышы боюнча жайыт комитетинин төрагасы Б.Насырбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2.2013-2014-жылдары жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөнбөй калган жайыт салыгын,жайыт акысын толук өндүрүүнү камсыз кылуу жайыт комитетинин бухгалтери Ж.Жээналиевге тапшырылсын.
3.Жайыт пайдалануучуларды Арпа жайлоосуна көчүрүү боюнча тиешелүү мекемелерден уруксат кагазын алып берип,2015-жылдын 1-июлуна карата көчүрүү иштерин колго алуу жайыт комитетинин төрагасы Б.Насырбековга тапшырылысын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык пландоо,курулуш,байланыш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына(А.Осмонкулов)жайыт комитетинин төрагасы (Б.Насырбеков) жүктөлсүн.
Сары-Ой айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нааматбеков |