Редакцияот 28.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы

 

2014-жылдын 28-февралы № 15/1

2014-жылдын бюджеттин бекитүү жөнүндө

Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XV  кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл өкмөтүнө 2013-жылга карата киреше чыгашанын аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;

2. 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу категориалдык, тендештирилген гранттардан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй   өлчөмдө белгиленсин:

КИРЕШЕ:

            Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык-1962,5

              Теңдештирилген грант-4 276,6

                                            Баары: - 6 239,1

ЧЫГАША:

             Башкаруу аппаратына - 2 245,6

              Маданият тармагына – 342.4

                                Баары: - 2 595,8

3. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмүндө акча каражаты түшүп, тиешелүү статьяларга Кыргыз Республикасын Финансы Министрлигинин 10/1-2007-жыл № 09-11/229 буйругунун негизинде берилсин;

4. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлеринин айлык акысы 14-айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин;

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк жүргүзүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: Осмонсадык уулу Төлөнбекке тапшырылсын;

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Дөөткулов