Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 28-февралы № 15/4
Ак-Муз айыл аймагынын муниципалдык жана ген.пландагы жерлери жөнүндө
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынан там салганга ген.планга кирген Ак-Секи чөлкөмүнөн 0,10 сотых жана айыл ичинен бош жерлерден 0,15 сотых деп, өрөөндөн там, сарай салганга 0,03-0,05 га деп бекитилсин;
2. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерден комерциялык багытта жер ала тургандарга бир чарчы метри 300 сомдон, ал эми огород үчүн алуучуларга бир сотыхы 100 сомдон деп бекитилсин;
3. Айылдын тургундарына муниципалдык жана ген.пландан жерди ченеп, тийиштүү токтом, чечим менен камсыз кылуу жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн турак-жай адиси Э.Алымкулов тапшырылсын;
4. Булл токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Капатовго милдеттендирилсин;
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Дөөткулов |