Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 28-февралы № 15/5
Ак-Муз айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын 14-февраль 2014-жылдагы чечими жактырылсын;
2. Чечимде көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу менен аукциондун мыйзам чегинде өтүшүн камсыз кылуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясына милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Капатовго тапшырылсын;
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Дөөткулов |