Редакцияот 29.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2014-жылдын 29-августу № 21/1

Ак-Муз айыл аймагында чөпкө чабылган дан эгиндери жөнүндө

Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагы боюнча 2014-жылга жалпы айдалган 450 га дан эгининен 398 га жер аянтын тоют катары чөпкө чабышкан дыйкандардын тизмеси такталсын;

2. Дан эгиндерин чөп катары чапкан дыйкандардын тизмесин тактоо айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Чөлбаевге милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Капатовго тапшырылсын;

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Дөөткулов