Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2014-жылдын 17-декабры № 23/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин эсебиндеги 200 000 акча каражаты жөнүндө
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен 12-ноябрь 2013-жылы жайыт комитетинин эсебине которулуп сакталып турган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын 2014-жылдын бюджетине киргизип алыскы жайлоолордун жолдорун оңдоого маакулдук берилсин;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө жайыт комитетинин бухгалтерине милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын .
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Дөөткулов |