Редакцияот 26.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы

 

2014-жылдын 26-февралы № 14/3

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын ичүүчү таза сууга болгон тарифин жана айып пулдун өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын төрагасы Н. Сопубековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу тармагына кошулууда жана колдонууда уруксааты жок аракет кылган тургундар үчүн 5000( беш миң) сомдон айып пулдун өлчөмү бекитилсин.

2. Мал суу ичкен үч айга (декабрь, январь, февраль) таза суу акысы алынсын жана өлчөмү томөндөгүдөй болуп бекитилсин. - 1(бир) баш койго айына 1(бир ) сомдон - 1(бир) баш бодого айына 10(он) сомдон.

3. Бул токтомду көзөмөлдүккө алуу жана турмушка ашыруу жагы “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын төрагасы Н. Сопубековго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Курткаев