Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-марты № 15/1
Кара-Суу айыл айыл аймагынын Мантыш айылындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациялык имаратын толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы айылындагы айыл өкмөттүн балансасында турган администрациялык имаратты республикалык үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу проектисин карап « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1 Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы айыл өкмөттүн балансасында турган администрациялык имаратты республикалык үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу жалпы суммасы 3 327 680 сомду түзгөн проектиси жактырылып 2014-жылга кароо жагы бекитилсин.
2 Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы айыл өкмөттүн балансасында турган администрациялык имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 10 % өздүк салым баары 327680 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 163840 сом кошуу жагы,ал эми 5 % эмгек түрүндө 163840 сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3 Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Жунушалиев Талайбекке милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев
|