ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-мартындагы № 15/2 «Кара-Суу айыл айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебин ремонттон өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакция18.03.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы

 

2014-жылдын 18-марты № 15/2

Кара-Суу айыл айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебин ремонттон өткөрүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы айылындагы айыл өкмөттүн балансасында турган Кызыл-Дөбө орто мектебин республикалык үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу проектисин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы айылындагы айыл өкмөттүн балансасында турган Кызыл-Дөбө орто мектебин республикалык үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу жалпы суммасы 3 332 900 сомду түзгөн проектиси жактырылып 2014-жылга кароо жагы бекитилсин.

2 Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы айылындагы айыл өкмөттүн балансасында турган Кызыл-Дөбө орто мектебин республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 10 % өздүк салым баары 333 290 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 166 645сом кошуу жагы,ал эми 5 % эмгек түрүндө 166 645 сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.

3 Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору Байгазиев Бейшенбекке милдеттендирилсин.

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Курткаев