Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-апрели № 16/4
Кара-Суу айыл аймагындагы «Мантыш-Булак» ИСКАКБсынын негизги суу топтолуучу жайына “ Жылуу Булак” булагын кошуу жөнүндө
Калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 11-апрель 2014- жылдагы жалпы элдик жыйындын токтомун талкууга алып Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын негизги суу топтолуучу жайына “ Жылуу Булак” булагын кошууда өздук салым үчүн акча каражаты чогултулсун.
2. Чогултулган акча каражаттары элдинарасынан ишеним көрсөтүлгөн бир адамдын атынан банктан атайын жеке эсеп ачылып төгүлсүн.
3. “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын негизги суу топтолуучу жайына “ Жылуу Булак” булагын кошууну уюштуруп долбоор жазып өткөрүү жагы “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын эсепчиси Б. Садыковго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдүккө алуу жана турмушка ашыруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев
|