Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин VII сессиясы
2013-жылдын 20-июну № VII/3
Айыл өкмөтүнүн бюджетине жайыт ресурстарын пайдалануудан келип түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Айыл өкмөт башчысы У.Казиев Терек айылдык Кеңешинин депутаттарына өкмөттүн бюджетине жайыт ресурстарын пайдаланууда ресурсту пайдаланган компаниядан 46500 (кырк алты миң беш жүз) сом түшкөнүн жана ушул акча каражатынын 24600 (жыйырма төрт миң алты жүз) сомун алыскы Арпа жайлоосуна жайыт пайдалануучуларды көчүрүүнү уюштурууга, 21900 (жыйырма бир миң тогуз жүз) сомун айылдагы малды асылдандыруу максатында жасалма уруктандыруучу аппарат алууга сунушун билдирген.
Бул билдирүүнү кеңири талкуулап, депутаттардын Терек айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучуларга колдоо көрсөтүп, Арпа жайлоосуна көчүүнү уюштурууга 24600 сом жумшалсын. Айылдагы малды асылдандыруу максатында 21900 сом жасалма уруктандыруучу аппарат сатып алууга пайдаланылсын.
2. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге милдеттендирилсин.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |