Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин VII сессиясы
2013-жылдын 04-ноябры № IX/8
Боталиев Алтынбектин Жырык-Кыя участкасынан мал бакканга там, короо салууга жазган арызын карап
Депутаттардын Терек айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Жырык-Кыя участкасындагы №1845 контурундагы эски сарайдын ордуна мал багуу үчүн там, короо салууга Боталиев Алтынбекке 0,04 га жер аянты «Кыргызгипрозем» долборлоо институтунун аныктамасынын негизинде бөлүнүп берилсин.
2. Жер участогуна болгон укугун каттоодон өткөрүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |