Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин VII сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № XI/5
Жаманов Тарастын Кыдыралы-Коо участкасынан мал бакканга там, короо салууга жазган арызын карап
Депутаттардын Терек айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Кыдыралы-Коо участкасындагы №2882 контурундагы эски жер төлөөнүн ордуна мал багуу үчүн там, короо салууга Жаманов Тараска 0,04 га жер аянты «Кыргызгипрозем» долборлоо институтунун аныктамасынын негизинде бөлүнүп берилсин.
2. Жер участогуна болгон укугун каттоодон өткөрүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |