Редакцияот 05.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 05-июну № 17/2

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы жаңы салынган “Мойнок –Орток” жолун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө

 Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы жаңы салынган“Мойнок- Орток” жолун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын №31- беренесинин 5-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылынажаңы салынган 4,5 (төрт жарым) километр “Мойнок-Орток” жолу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан берилген көпүрө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылына жаңы салынган “Мойнок- Орток” жолун жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан берилген көпүрөнү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси К. Темиралиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткартуу жагы айыл өкмөт башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Курткаев