ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2015-жылдын 18-майы № XIII/3
Терек айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Терек айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Терек айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-tala.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Казиевге жүктөлсүн.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |