ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы
2013-жылдын 29-майы № 3
Жайыт комитетинин төрагасынын отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча «Жайыттар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомун аткаруу боюнча Эмгекчил айылынын жайыт комитетинин төрагасынын отчетун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Узакбаев Нурландын отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өскөнбаевге милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|