Редакцияот 24.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2013-жылдын 24-сентября № 1

Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Өскөнбаев Абдылда» атындагы маданият үйүнүн директору К.Абдыкеримовдун жана Эмгекчил айылдык китепканасынын башчысы Г.Кудагелдиеванын отчету жөнүндө

1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Өскөнбаев Абдылда» атындагы маданият үйүнүн директору К.Абдыкеримовдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Эмгекчил айылдык китепканасынын башчысы Г.Кудагелдиеванын отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

3. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кээ бир кызматкерлеринин кетирилген кемчиликтери белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өскөнбаевге милдеттендирилсин.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев