Редакцияот 28.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2013-жылдын 28-ноябры № 2

Эмгекчил айылынын тургуну  Мамытов Абилдин арызы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Арыз ээси Мамытов Абилдин арызы канааттандырылсын.

2. Арыз ээсинин атасы Мамытов Оболбектин Эмгекчил айылынын өсүп-өнүгүүсүнө, ат оюндарына кошкон эор салымын эске алып,эмгегин баалап Эмгекчил айылындагы «Кош-Дөбө» участкасындагы ат майданына ысымы берилсин.

3. «Мамытов Оболбек»  атындагы ат майдандын чарбалык иштерин алып баруу,ондоп — түзөө,көрктөндүрүү,тазалоо ж.б. иштерин жүргүзүп туруу Мамытов Оболбектин үй-бүлөсүнө,балдарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өскөнбаевге тапшырылсын.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев