Редакцияот 20.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2013-жылдын 20-декабры № 2

Эмгекчил айыл аймагындагы үлүш жерлерди кайрадан трансформациялоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча  жер адиси Н.Максымбаев төмөндөгүлөрдү билдирди:

Эмгекчил айылында суунун тартыштыгынан пайдаланылбай  калган кайрак эсебиндеги үлүш жерлер 2001-жылы жайытка которулуп кеткендигин белгилеп,ушул үлүш жерлерди кайрадан чөп чабындыга которуп берүүнү сурап айыл тургундары кайрылышууда.

Жогорудагыларды  угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгекчил айылынын тургундарынын кайрак эсебиндеги үлүш жерлерин кайрадан чөп чабындыга которуп берүү (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» 3,7,8,9,12-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Н.Максымбаевге милдеттендирилсин.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев