Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-январы № 3
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымдамалардын баасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Курманалиева Бекенгүлдүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымдамалардын баасы 5 (беш) сомдон берилсин.
2. Жөлөк пул алуучуларга,майыптарга,багар-көрөөрү жокторго,Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, «7-апрель Элдик революциясынын» катышуучуларына, ички иштер бөлүмүнө,соц.фондго,райондук мекеме-ишканаларга берилүүчү маалымдамалар акысыз берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиевага милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|