Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
2014-жылдын 01-майы № 17/3
Куйручук айылдык аймагынын жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө
Куйручук айыл аймагынын жайыттардын тышкы чек аралары боюнча жасалган материалдары жана 20121-жылы 9-декабрында түзүлгөн чектеш аймактары менен макулдашуу мемарандумун карап чыгып, Куйручук айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын жайыттарынын тышкы чек аралары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Куйручук айыл аймагынын жайыттарынын жалпы аянттары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 1,2 тиркемеге ылайык чектелген чек арарлардан тышкары Сон-Көл жайлоосундагы Куйручук айыл аймагына тиешелүү , азыркы учурда Кочкор районунда УДП да турган (Кочкор району пайдаланбагандыгына байланыштуу) жер аянттары Куйручук айыл аймагынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жагы суралсын.
4. 2025-жылы УДП аяктагандан кийин Куйручук айыл аймагына тиешелүү жер аянттары толук өткөрүп беруу иш чаралары жүргүзүлсүн.
Бул токтомдогу көрсөтүлгөн чек араны жана жайыттардын аянтын маклулдашуу жагы Жумгал райондук жайыттарды чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Баисов |
Баштапка № 1 чекит кылып участоктун түндүк багтыш жагындагы Түгөл-Сай айыл округунун чек аралырынын кесилишкен жери алынды. № 1 чекиттен № 2 чекитке чейин түз сызык менен батышка № 2 чекитке барат . № 2 чекттен баштап түштүк багытта № 3 чекитке барат. Андан ары чыгышка карайтуз сызык менен , кийин түндүк чыгышка № 4 чекитке бараит. № 4 чекиттен батышка карай № 5____№ 6, _____№7 ,______ №8,______№9____ чекиттер аркылуу ийри сызыктар менен № 10 чекитке барат. № 10 чекттен түштүк батышка карай Жумгал айыл аймагынын чеги менен Алтын-Арык арыгынын сайы менен № 11 чекитке барат. Андан түштүккө карай № 13 чекитке барып, батышты карай Жаны-Арык айыл аймагынын чек арасы менен № 14 чекиттен түштүккө бурулуп, андан ары батышты көздөй №15 чекитке барат. №15 чекиттен түндүккө карай № 16 чекит аркылуу баштапкы№1 чекитке барып токтойт.
Баштапкы № 1 чекит кылып участоктун түндүк батыш жагындагы Түгөл-Сай айыл округунун чек аралырынын кесилишкен жери алынды. №1 чекиттен чыгышты карай Жаны-Арык куйасынынын нугу м енен № 2 чекитке чейин барат, андан түштүккө карап уланып № 3 чекитке барат . № 3 чекиттен чыгышты карай түз сызык менен № 4 чекитке барат. Андан ары түштүк чыгышка карай түз сызык менен, андан кийин ийри сызык менен №5 чекитке барат. № 5 чекиттен түштүккө батышка карай ийри сызык аркылуу Жаны-Арык айыл аймагынын чек арасы менен №6 чекиттен Түгөл –Сай айыл аймагынын чек арасы батышка арай № 7 чекитке барат. № 7 чекиттен Түгөл-Сай айыл аймагынын чек арасы менен түндүк батышты карай ийри сызыктар менен № 8 чекитке барат. Андан ары батышты карай № 9 чекитке барат. № 9 чекиттен түндүккө караай түз сызык аркылуу № 10 чекитке баратю № 10 чекиттен ары бир аз түндүк чыгышка бурулуп түз сызык аркылуу № 11 чекитке барат. Андан түндүк батышты көздой түз сызык аркылуу № 12 чекитке барат. Андан ары тү сызык менен түндүк батышка каарй № 1 чекит ке барат.
Баштапкы № 1 участканын түндүк батшы тарабындагы ( № 6 Шилбили участогу) чекиттин кесилиши алынды. № 1чекиттен түштүк чыгышты карай Жаны-Арык айыл айагынын чек арасы менен чектилип Сон-Көл жээгиндеги № 2 чекитке барат. Андан ары кол жээги менен түштүккө карай № 3 чекитке барат. . №3 чекиттен түштүк батышка карай Кум-Дөбө айыл аймагынын чек арасы менен чектелип аягы түндүк чыгышка бурулуп Кара- Кече суусунун куймасы менен № 4. Чекитке барат. №4 чекиттен түндүк чыгышты карай Балыкты тоо кыркалары менен № 5 чекитке барат. Андан ары № 5 чекттен түндүк чыгышка карай баштапкы № 1 чекитке барат
Баштапкы № 1 чекит кылып участканын түндүк чыгышындагы Панфилов районунун чек арасы мененчектешкен жери алынды. №1 чекиттен түндүк чыгышка карай №2 чекитке чейин Панфилов районунун чек арасы менен барат. № 2чекиттен чыгышты карай Көкө-Мерен суусунун нугу менен Көк-Ой айыл аймагынын чек арасы менен чектелип, андан түштүк чыгышка бурулуп № 3 чекитке барат. №3 чекиттен туштук батышка карай Көкө-Мерен суусунун нугу менен №4 чекитке барат. № 4 чекитткен токой фондусунун жери менен чектелип, түндүккө №5 чекитке барат. №5 чекиттен түштүк батышка карай түз сызык менен барат. № 6 Мам. жер запастын жери менен чектелип батышка карай № 7 чекитке барат. №7 чекиттен түндүккө карай № 8 барат. № 8 чекиттен түндүк батышка карай Көк-Ой айыл аймагынын чек арасы менен чектелип № 9 чекитке барат. № 9 чекиттен түндүккө карай Кабак айыл аймагынын чек арасы менен чектелип баштапкы №1 чекитке барат.