Редакцияот 03.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айылдык Кеңешинин XII сессиясы

 

2013-жылдын 03-июлу № 1

Күн тартибиндеги маселе:

Чаек айыл аймагынан “Датка-Кемин” 500 кВ электр өткөрүү линиясы өтүүчү темир карагайларды орнотуу үчүн жайыттан жана башка багыттагы жер аянттардын эсебинен бөлүп берүү жөнүндө жана жайыттын багытын өзгөртүү туурасында “КыргызГипрозем” мекемесинин келген корутундуга ылайык жана ушул жер аянтка тиешелүү документтерди кароо менен КР “Жер кодексинин” 13,25- беренелерин жана 25.03.2013-жылдагы №148 КР Өкмөтүнүн "Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөрүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ кичи станциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү токтомун жетекчилке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагына тиешелүү болгон жайыт жеринен жалпысы 37га жер аянтты мөөнөтсүз жана башка багытта болгон транспорт өндүрүш багытындагы өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактарынан убактылуу пайдаланууга 80,39га жер аянт, ал эми сугат айдоо жеринен 3,04га жер аянт, ж.б. багыттагы жер аянттан 0,13га жер аянттары берилсин.

 

Чаек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З. Бөдөшбеков