Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-августу № 7/1
Ак-Тал айыл аймагынан шагыл алуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Нарын – Баетов жолун реконструкциялоо үчүн Ак-Тал айыл аймагынан шагыл алууүчүн жер бөлүп берүү үчүн Ак-Тал айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын Өрдөш өрөөнүнөн, Нарын – Баетов жолунун трассасынан 300метр түндүк чыгыш тарабынан, Нарын - Баетов жолунун Ак-Тал айыл ичинен 4 км жолду реконструкциялоо үчүн шагыл алууга уруксат берилсин.
2. Берилген карьерден шагыл алуу учурунда жерди эрозияга учуратпай, жайыт жерине зыян келтирбей, талапка ылайык пайдалануу тиешелүү тараптан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа курулуш, транспорт, байланыш боюнча тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|