Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-августу № 7/2
Нарын – Баетов жолун реконструкциялоодо Ак-Тал айыл аймагынын ичинен үч жерге көпүрө жөнүндө
Нарын – Баетов жолун реконструкциялоодо Ак-Тал айыл аймагынын Нарын – Баетов трассасына көпүрө салуу үчүн ОСОО “Градиент” фирмасынын участкалык башчысы Т.Майчекировдун арызын карап, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын Нарын – Баетов жолун реконструкциялоодо талап кылынган диаметри 1 метр, трубанын узундугу 15 метр коюлуучу трубанын зарылдыгы т жоктугунан, анын ордуна айылдын ичине , үч жерине (“Ак-Тал” бала бакчасынын тушуна, мечиттин тушуна, Иманкулов Бекболоттун үйүнү тушуна) жарандык коргонуунун алдын алуу максатында көпүрө салуу үчүн уруксат берилсин.
2. Көпүрөнү салып берүү ОСОО “Градиент” фирмасына милдеттендирилсин (ар бир көпүрөнүн диаметри 0,5м).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа курулуш, транспорт, байланыш боюнча тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|