Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 11/2
ИСКАКБ "Ак-Тал-Сай" 2013-жылдын бюджетин жана таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
"Ак-Тал-Сай" ИСКАКБнин бухгалтери М.Абдылдаеванын 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджетин, суунун тарифинин долбоору тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Тал айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ак-Тал-Сай" ИСКАКБнин 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө бухгалтери М.Абдылдаеванын отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2014-жылы ичүүчү суунун тарифи түзүлгөн долбоорго ылайык жан башына 20 (жыйырма) сомдон бойдон калсын.
3. Ичүүчү суунун 2006-2013-жылдардагы төлөм каражаттарын тактап берүү жагы бухгалтери М.Абдылдаевага милдеттендиремин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, финансы жана бюджет боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|