Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 11/5
Ак-Тал айыл өкмөтүнөн берилүүчү справкалардын тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүусүн жана депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүүсүнө ылайык айыл өкмөтүнөн берилүүчү маалымдамалар (баардык түрү боюнча) 5 (беш) сомдон деп бекитилсин.
2. Берилген маалымдамалардын акчасын Ак-Талаа райондук РСК Банкка (Ак-Тал айыл өкмөтүнүн атайын каражатка) төгүп туруу жагы жооптуу катчы М.Байбагышовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, финансы жана бюджет боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|