Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орток айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 14-сессиясы
2014-жылдын 28-майы № 1
Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булуң ГЭСинин жана Нарын ГЭС-1 Обьектилеринин курулушуна жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булуң ГЭСинин жана Нарын ГЭС-1обьектилеринин курулушуна жер аянттарын бөлүп берүү боюнча «Кыргызгипрозем» долборлоо институту тарабынан жазалган материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-25 статяларынын негизинде Орток айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Электр станциялар» Ачык акционердик Коомуна Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булуң ГЭСине жана Нарын ГЭС-1 курулушуна бөлүнүнп берилүүчү жалпы 184,67га жер аянтынын ичинен туруктуу калуучу обьектилерге (жол, платина, канал жана башка обьектилерге) 49 жылдык мөонөтке, Калган жер аянттары 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин (жерлердин экспликациясы тиркелет).
2. Карьер үчүн бөлүнүп берилген жер аянты иштетилип бүткөндө (рекультивация) жарактуу кылынып, айыл өкмөттүн карамагына кайра алынсын.
3. Туруктуу жана убактылуу курулуучу обьектилердин жер аянттарын тактап берүү жагы Жогорку-Нарын «Гидроэлектро Станциялар» Жабык Акционердик коомуна милдеттендирилсин (такталган жер аянттардын зкспликациясы тиркелет).
4. Жогорудагы 184,67 га жер аянты «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Онор-жай курулуш, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер» категориясына которуп берүү жагы суралсын.
5. «Электр станциялар» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булун ГЭСине жана Нарын ГЭС-1 курулуш иштери аяктаганда көрсөтүлгөн 15 жылдык мооноттүн ичинде «Онор-жай курулуш, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер» котегориясынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына (рекультивация) жарактуу кылып которулсун.
6. Айыл чарба багытындагы жерлерден пайданын түшүүсү (успешная выгода) жана айыл чарба жоготууларына (за сельхозпотер) мыйзам чегинде гөлөнүп берилсин.
7. «Электр станциялар» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку-Нарын Ак-Булун ГЭС жана Нарын ГЭС-1 курулушуна бөлүнүп жаткан жер аянтына кирип калган мамлекеттик фонддун жеринен ижарага алый иштетип жаткан жарандарга компенсация 2014-жылдын 25-декабрына чейин төлөп берүү милдеттендирилсин;
8. Бул токтомду аткаруу жагы Орток айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турдалиевге милдеттендирилсин.
Орток айылдык Кеӊешинин төрагасы |
О. Аалиев |