Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 02-июлу № 17/1
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын алты айлык планынын киреше бөлүгүнө Каржы министрлиги тарабынан өзгөртүүлөр киргизилгендиктен ,жергиликтүү бюджеттин планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин № 14-02-2/7509 катынын,бюджеттик укуктардын негизги принциби жөнүндөгү мыйзамдын 15,17-беренелерине таянып Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнүн ФЭ бөлүмүнүн башчысы А.Арыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Үч-Төбө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө 2014-жылдын 1-жарым жылдыгына айрым салыктын түрлөрүнө кошумча өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу 2014-жылдын алты айлык планына төмөнкүдөй кошумча план киргизилсин:
а | ст.11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 1,8миң сомгокөбөйтүлсүн |
б. | ст.11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылганкыймылсыз мүлккө салык | 4,1 миң сомгокөбөйтүлсүн |
в. | ст.11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 4,4 миң сомгокөбөйтүлсүн |
г. | ст.11412100 | Сатуудан алынуучу салык | 169,3 миң сомгокөбөйтүлсүн |
Жыйынтыгы: | 179,6 |
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү өзгөргөндүктөн ,сметанын чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн:
Р.701 аппарат ст. 22154900 -79,0 миң сомго көбөйтүлсүн
О 706 ЖКХ ст.22154900-100,0 сомго көбөйтүлсүн.
3. 2014-жылдын сметасына өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүүжагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |