Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 18-апрели № 15/3
Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жайыттарды туура пайдалануу жана жайлоого көчүүгө карата көрүлгөн даярдыктары жөнүндө
Үч-Төбө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жайыттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иш аракеттер көрүлсүн,ар бир айылда калк арасында маалыматтар берилип жайлоого көчүрүү графиктери белгиленип бекитилсин:
15-25-майга чейин Ак-Жай,Кичи-Каракол айылдары көчүрүлсүн.
25-01-июнга чейин Ак-Босого,Кызыл-Алай айылдары көчүрүлсүн.
2. Күзүндө жайлоодон көчүп түшүү 1-октябрга белгиленсин.Жайлоого көчүү графигин көзөмөлгө алуу жагы бардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Жайлоо убагында элдин эгинине түшкөн малдардын айып акчасы,төмөндөгүдөй белгиленип,бекитилсин:
Жылкы- 200
Эшек-300
Уй-200
Кой-10
Эчки-10
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |