Редакцияот 18.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2014-жылдын 11-февралы № 14/1

2013-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2013-жылга аткарылышы. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2014-жылга бекитүү жана 2015-2016-жылга болжолдуу пландарын бекитүү

2013-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2013-жылга  аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2014-жылга  бекитүү жана 2015-2016-жылдарга   болжолдуу пландары  боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси ,экономист-статист Н.Мадакимовдун  билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2013-жылга

аткарылышы   канааттандырарлык   деп белгиленсин.

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн  2014-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын планы кабыл алынсын.

3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун орто аралыктагы 2015-2016-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы жөнүндө ,пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча ,зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы , Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына ,менчигинин түрунө карабастан айыл өкмөтүнүн аймагындагы  бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы  И.Кутушевага тапшырылсын.

 

Үч-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Акматов