ТоктомКүчүндө

Үч-Дөбө айылдык кеңешинин«2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4»Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө" токтому

Редакция11.02.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2014-жылдын 11-февралы № 14/4

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүүжобонун негизинде ,Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы С.Ахуновдун билдирүүсүн угуп талкуулап

Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонунталаптарына ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жазгы жана күзгү жайыттарын пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизинде ,жайыт комитетинин 2014-жылдын 20-январындагы №2 протоколунда көрсөтүлгөн малдын башына белгиленген төлөм тарифтери бекитилсин.

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалангандыгы үчүн мал башынан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык алып баруу, жайыт комитетинин төрагасы С.Ахуновго милдеттендирилсин.

3. 2014-жылдын 11-февралындагы Үч-Төбө айылдык кенешинин III чакырылышынын XIV кезектеги заседаниесинин № 14/4 токтомунун негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт үчүн төлөөчү тарифи 240350(Экижүзкырк мин үч жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.

 

Үч-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Акматов