Редакцияот 25.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2014-жылдын 25-январы № 13/4

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого,Кызыл-Алай, Чон-Каракол, Кичи-Каракол, Ак-Жай, Гежиге айылдарынын ички жолдорун тактоо жөнүндө

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдорун тактоо боюнча элден түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында, Үч-Төбө айылөкмөтүнүн жер адиси Н.Туркбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап

Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого,Кызыл-Алай,Чон-Каракол,  Кичи-Каракол,  Ак-Жай,  Гежиге  айылдарынын тургундары тарабынан мыйзамсыз тосулуп алынган ички жолдорду ачуу максатында атайын төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:

Туркбаев Н- Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси,комиссиянын төрагасы

Мадакимов Н - Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси,комиссиянын төрагасынын орун басары

Шерикбаев М- Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси,комиссиянын катчысы

Мүчөлөрү:

Саринжиев У - Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси.

Турдубаев А – Аймактык тескөөчү.

Кенешбаев Р- Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).

Турдумаматов А- Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).

Султанова А - Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).

Мамытов И - Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).

Бардык айыл башчылар.

2. Жогорудагы токтомдун аткарылышына мыйзамсыз каршы көрсөтүүлөр болсо,мыйзамдын негизинде жоопко тартылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.

 

Үч-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Акматов