Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 24/3
№ 960чы Жол Тейлөө Ишканасынын өтүнүч катынын негизинде жол оңдоо иштерине карьер кылып иштетүү үчүн жер участкаларын бөлүп берүү жөнүндө
1. № 960чы Жол Тейлөө Ишканасынын 2015-жылдын 16-февралындагы өтүнүч катынын негизинде жол оңдоо иштерине карьер кылып иштетүү үчүн «Ош-Сары-Таш-Эркештам» автомобиль жолунун
- 173-чакырымынын оң жагынан 50 сотых;
- 186-чакырымынын оң жагындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгинен 50 сотых;
- 196-чакырымынын оң жагындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгинен 50 сотых;
- 202-чакырымынын сол жагынан Шарт суусу агып турган жерден 50 сотых;
- 211-чакырымынын оң жагынан Айлама суусу агып турган жерден 50 сотых;
- 225-чакырымынын оң жагынан мурда жол куруу үчүн иштетилген карьерден 50 сотых;
- 240-чакырымынын сол жагынан Көк-Суу дарыясы агып турган жерден 50 сотых;
- 253-чакырымынын сол жагынан Нура дарыясынын жээгинен 50 сотых;
-257-чакырымынын сол жагынан Кызыл-Суу дарыясынын жээгинен 50 сотых,
ал эми «Сары-Таш –Кызыларт» автомобиль жолунун
- 5-чакырымынын сол жагынан Кызыл-Суу дарыясынын жээгинен 50 сотых;
- 11-чакырымынын оң жагынан 50 сотых;
-20-чакырымынын оң жагынан 50 сотых;
- 21-чакырымынын оң жагынан 50 сотых;
-38-чакырымынын оң жагынан 50 сотых,
ошондой эле «Сары-Таш –Комсомолабад» автомобиль жолунун
-2-чакырымынын сол жагынан 50 сотых;
- 7-чакырымынын сол жагынан 50 сотых;
- 25-чакырымынын сол жагынан 50 сотых;
- 22 –чакырымынын сол жагынан 50 сотых;
- 26-чакырымынын оң жагынан 50 сотых жер участкалары берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш , жайлоо жана айыл чарба комитетинин төрагасыМ.Маткасымовго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |