Редакцияот 01.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 1-декабры № 8/2

Кара-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жана электр энергиясын берүү, лимиттер жана өчүрүүлөрдүн графиги жөнүндө

Кара-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө электр энергиясын берүү, лимиттер жана өчүрүүлөрдүн графиги боюнча райондук электр тармактары ишканасынын жетекчисинин орун басарынын  маалыматынына ылайык Кара-Суу шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасына Кара-Суу шаарында электро энергияны өчүрүдө шаар мэриясына шаардык кенештин аппаратына алдын ала эскертилип электро энергияны өчүрүү милдеттендирет.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасын,а токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р.Х. Хатамов