Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 1
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезексиз сессиясына чакыруу жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык Кенешинин депутаттарынын бешинчи чакырылышынын кезексиз сессиясына 2015-жылдын 4-апрель күнү, саат 10-00гө айылдык аймагынын кенешме залына чакырылсын.
2. Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселелер коюлсун:
1-маселе: Жекенди айылдык аймагы боюнча жайыт комитетинин 2014 –жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2015- жылдагы мал санагын жана бюджетин бекитүү жөнүндө.
2-маселе: Айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн Жекенди айылдык аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими жөнүндө.
3 –маселе: Ар түрдүү маселелер
3. Сессияга Жекенди айылдык Кенешинин депутаттары, мекеме жетекчилери, аппарат кызматкерлери чакырылсын.
Жекенди айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков
|