Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 3
Айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн Жекенди айылдык аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагында түзүлгөн комиссиянын сунушу эске алынсын.
2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылына спорт комплексин куруу боюнча айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына сунушталсын.
3.Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардан келген көйгөйлөрдү эске алуу менен айылдык аймактын стратегиялык планы толукталып,иштелип чыгылсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.И.Акматовго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,инвестиция тартуу бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жекенди айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков
|