Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 20/2
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновтун отчету жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеёешинин (V чакырылышынын) кезектеги XX ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарынын бюджетинин 2015-жылдын 6 айындагы аткарылышы» жөнүндөгү маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде жана каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновдун отчетун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновдун отчету сессиянын отурумунун жүрүшүндө айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен жыл ичинде тактоо иштерин жүргүзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча ишти дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |