Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 20/3
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XX ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Маткабыловтун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2014-жылда жана 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштар жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовко тапшырылсын.
3. МММБ департаментинин директору Ю. Тиллабаевке:
- МММБ департаментине караштуу бөлүмдөрдө (көрктөндүрүү, энергетика, курулуш ж.б.) отчет иштерин өзүнчө жүргүзүүнү жолго коюу
- тарифтер элге жеткиликтүү даражада болушу үчүн, 2015-жылдын 1-декабрына чейин тариф саясатын кайрадан карап чыгуу
- муниципалдык мүлк жана жерлердин реестрин так жүргүзүү жана муниципалдык бош жер участкаларына (айрыкча талаш жерлерге) мамлекеттик акт алып, муниципалдык мүлк реестрине киргизүү
- элден түшкөн арыз-даттанууларга мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |