Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 20/5
Өзгөн шаарынын «Аймактык муниципалдык башкаруунун» жобосунун, «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу эрежеси боюнча» жобонун долбоору жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XX ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеёешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 17-августундагы отурумунун №5 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Аймактык муниципалдык башкаруунун» жобосунун, «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу эрежеси боюнча» жобонун долбоорлору бекитилсин.
2. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо шаардык кеңештин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |