Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 20/6
Өзгөн шаарынын «Муниципалдык менчик обьектерин менчиктештирүү» программасын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XX ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеёешинин (V чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 15-августундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Муниципалдык менчик обьектерин менчиктештирүү» программасынын негизинде «Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин аймагындагы социалдык-маданий соода дүкөндөрү үчүн 15 лоттон турган 3590 кв.метр жер тилкесин тоорукка коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |