Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 20/7
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 6 айындагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XX ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 30-июлундагы отурумунун №5 жана 2015-жылдын 15-августундагы отурумунун №6 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 6 айында Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин бекитилген планына салыштырмалуу (трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо) 7305,0 миң сом, такталган планга салыштырмалуу 3438,0 миң сом, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3733,2 миң сом жергиликтүү бюджетке кошумча киреше түшкөндүгүн эсепке алуу менен, бюджеттин 2015-жылдын 6 айында ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен шаар мэриясынын кызматкерлерине 1 айлык эмгек акы өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүүгө 281,2 миң сом, шаардык кеңештин кызматкерлерине 55,2 миң сом, МММБ департаментинин кызматкерлерине 71,9 миң сом, МММБ департаментинин сметасындагы жетишпеген статьяларга 1112,0 миң сом, «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасына субсидияга 300,0 миң сом, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 1617,7 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
2. Бюджеттин теңдигин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жана каражаттарды максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |