Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХVIII отуруму
2014-жылдын 19-ноябры № 104
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу хозрасчет менен иш жүргүзгөн «Куршаб Тазалык» коммуналдык чарба, «Куршаб Арзибек» СПА, Куршаб Жайыт бирикмесинин жана «Куршаб таза суу» ИСКАКБ алынуучу өндүрүмдөрүн көзөмөлдөө жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу хозрасчет менен иш жүргүзгөн «Куршаб Тазалык» коммуналдык чарба, «Куршаб Арзибек» СПА, Куршаб Жайыт бирикмесинин жана «Куршаб таза суу» ИСКАКБ алынуучу өндүрүмдөрүн көзөмөлдөө жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган ) кезектеги ХVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу хозрасчет менен иш жүргүзгөн «Куршаб Тазалык» коммуналдык чарба, «Куршаб Арзибек» СПА, Куршаб Жайыт бирикмесинин жана «Куршаб таза суу» ИСКАКБдан алынуучу өндүрүмдөрүн мыйзам негизинде иш жүргүзүү максатында айыл өкмөтү тарабынан киреше-чыгаша жагы Куршаб айыл өкмүтүнүн ФЭБ тарабынан атайын номерленген квитанциялар берилип көзөмөлгө алынсын.
2. Жогорудагы ишканалардын мыйзамда көрсөтүлгөн кызмат акы үчүн алынган салыктарды максаттуу түрдө иштетүүсүн көзөмөлдөө жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Джолборсовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,бюджет,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Ахунов |