Редакцияот 14.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2015-жылдын 14-январы № 3

Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын жашаган калктан түшкөн сын сунуштарды эске алып айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 15, 31 беренесинин 2 – бөлүгүнүн 8 –пунктун эске алып Кашка-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы  бекитилсин.

2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин жергиликтүү жамаатынын 1-курултайынын  “Кашка-Суу айылдык Кеңешинин  мыйзамын  кабыл алуу жөнүндө” 1998-жылдын  14-январында кабыл алынган  токтому күчүн жоготту деп  табылсын.

3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому  Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий  сайтына жарыялансын.

4. Кашка-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн  http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий  сайтына кирген күндөн баштап  күчүнө кирет.

5. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий сайтына жарыялоо жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү жагы  айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Давлетов