КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы
2015-жылдын 14-январы № 1
Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кашка-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.
3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Мырзакайым кызы Гүлкайырга жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Давлетов |