Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-январы № 2
Кашка-Суу айылдык Кеңешинин жаны регламентин бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык Кашка-Суу айылдык Кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Кашка-Суу айылдык Кеңешинин регламентинин жаңы редакциясын талкуулап, мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп Кашка-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин жаңы регламенти бекитилсин.
2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.
3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Мырзакайым кызы Гүлкайырга жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Давлетов |