Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 2
Кашка-Суу айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылындагы көчкүгө кооптуу жерлерге көчөт отургузуу жөнүндө
2015-жылы 5-февраль күнү Кашка-Суу айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын көчкүгө кооптуу 5,0 га жер аянтына темир зым менен тосуп, көчөт отургузуу үчүн Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын тургундарынын 15.01.2015- жылдагы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2. Жаңы-Айыл айылынын көчкүгө кооптуу жерин темир зым менен тосуу жана көчөттөрдү отургузуп долбоор менен иш алып баруу жагы Жаңы-Айыл айылынын айыл башчысы А.Мырзакматовго жүктөлсүн.
3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.
4. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http;//kashka-syy. Jalal-Abad. kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Долбоордогу ишти алып баруу үчүн шагыл, суу ташып темир казыктарды орнотуп зым тартуу үчүн кеткен акча каражатын бөлүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтунө милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Давлетов |