Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 1
Жайык АДКсынын жетекчиси Т.Ботобаеванын кайрылуусункароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайык участкасына спорт аянтчасын куруу үчүн Кыргызстан айылдык ден соолук ассосациясы тарабынан каржыланып жаткандыктан ага карата түзүлгөн долбоорду биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча жумушчу топтун курамын бекитип берүү менен аны колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайык участкасына спорт аянтчасын куруу боюнча Жайык АДКсы тарабынан түзүлгөн долбоору бекитилсин
2. Спорт аянтчасын куруунун долбооруна биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча төмөндөгдөй курамда жумушчу топтун курамы бекитилсин.
1. Ботобаева Т.С. – Жайык АДКсынын жетекчиси.
2. Ажыбаева А.- мед айым, жумушчу топтун мүчөсү.
3. Мамытов К.- Айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай боюнча башкы адиси, жумушчу топтун мүчөсү
4. Досалиев Ж. – Айылдык Кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү.
5. Султанмуратов Ж. – Жайык АДКсынын мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү.
3. Долбоорду ишке ашыруу үчүн аны колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен 80(сексен) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.
5. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышындагы жоопкерчилик айыл Өкмотүнө жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Давлетов |